Коомдук теле-радио берүү корпорациясынын директору болуп Бахтияр Алиев шайланды.
Ага Байкоочу кеңештин 11 мүчөсү добуш берген.
КТРКны жетектөө ниетин билдирип, 15 талапкер арыз берген, кийин алардын экөө талапкерлигин алып салган.
Жалпы 13 талапкердин ичинен шайлоо бюллетенине 6 талапкер кирген. Алардын бешөө талапкерлигин өз калоолору менен алып салган, ал эми экөө сынактан чететтилген.
Белгилей кетсек, КТРКнын мурдагы жетекчиси Жайнак Үсөн уулу 5-6-октябрдагы саясий окуялардан кийин кызматтан кеткен. Башкы директордун кызмат ордуна 29-октябрда сынак жарыяланган.