Ташиевдин футболчу уулу Эмир-Хан Испаниянын жогорку лигасына чакыруу алды

04.01.2021 | 09:44

Саясатчы Камчыбек Ташиевдин кичүү уулу Испаниянын жогорку лигасында ойногон командага чакыруу алды. Бул тууралуу Ташиев өзү “Фейсбук” баракчасына жазды.

Ал кичүү уулу 15 жашар Эмир-Ханга Испаниянын жогорку лигасында ойногон “Леванте” футболдук клубунан кароодон өтүү үчүн чакыруу келгенин жазган.

Буга чейин Италиянын серия «Б», экинчи лигасындагы  « Перуджа» командасынын курамында ойноп жаткан. 

Scroll to Top