Ички иштер министрлиги поезд алдында калып, эки бутунан ажыраган баланын окуясы боюнча “Репортёрго” кеңири маалымат берди.
Ага ылайык, кырсык, 31-декабрда саат 23:45тер чамасында болгон.
“Машинист кайра-кайра сигнал берип кырсыкты болтурбоого каракет кылган. Азыр 25 жаштагы Ж.Т. аттуу жабырлануучу Бишкек шаарындагы травматологияда дарыланууда. Ал бала кимдир бирөөнү сактап калууга аракет кылды деген маалымат чындыкка дал келбейт”, — деп билдиришти ИИМден.
Белгилей кетсек, буга чейин Тилек аттуу бала темир жолдо адам өмүрүн сактайм деп эки бутунан ажыраганы айтылган болчу.