Таласта тамактануучу жай жарылып 11 адам ооруканага түштү – видео

Таласта тамактануучу жай жарылып 11 адам ооруканага түштү – видео

Талас облусунун Кара-Буура районун Кызыл-Адыр айылында тез татым жайында жарылуу орун алып адамдар жабыркаганын күбөлөр кабарлашууда.

Ага ылайык, жарылуу бүгүн, 4-январда саат 15:30дар чамасында болгон. 

Андан 11 адам жаракат алып ооруканага жеткирилген. Алардын итчинде төртөөнүн абалы оор экени кабарланууда. 

ӨКМнын маалыматына караганда ал жерге өрт өчүрүүчүлөр тартылып, учурда  тилсиз жоо чектөөгө алынган.  

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>