Ошто жүзүн жашырып жүргөн 28 жаранга 20 миң сомдон айып пул салындыБШК: Соцтармакта “лайк” басуу же маалымат бөлүшүү да админресурска киретТалас облусу Япония менен кызматташтыкты бекемдейтМИКтин үйлөрүнө ачылган кошумча класстар маселени канчалык чечет? Жашоочулар эмне дейт?Улуттук банк ислам принциптери менен иштеген банктарды жөнгө салуучу ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргиздиДүйнөлүк банк Кыргызстандагы билим берүү долбооруна 6,36 млн доллар каржылады
Кызыл-Кыяда адам тоноого шектелип, 18 жаштагы жигит кармалды
02.02.2021 | 15:52
Кызыл-Кыяда адам тоноого шектелип, 18 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-январда Кызыл-Кыя шаарынын 33 жаштагы тургунун белгисиз адам тоноп кеткен. Ал күч колдонуп жабырлануучунун телефонун, банктык карточкасын, айдоочулук күбөлүгүн жана паспортун тартып алып, из жашырган.
Бул факты боюнча Жазык кодексинин 201-беренеси (тоноо) менен иш козголуп, иликтөө иштери башталган.
Анын алкагында милиция кызматкерлери 1-февраль күнү шектүү катары Ош шаарынан Кара-Суу районунун 18 жаштагы Х.Д. аттуу тургунун кармаган.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар