Бишкекте аялдардын туризмдеги ролу боюнча эл аралык форум өтөтОш шаарында жаңы Юстиция үйү ачылдыТрамп UFC башчысы Дана Уайтка жана Хабиб Нурмагомедовго Ак үйдөн кызмат сунуштадыМосква районунда 200 гектар жерге индустриалдык-логистикалык парк курулатКыргызстан менен Түштүк Корея достук паркына 85 түп эмен көчөтү отургузулдуБишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Николай Мироненко дүйнө салды
Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандан чыгып кетти
02.02.2021 | 16:53
Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу Reporter.kg’ге басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
Анын айтуусуна караганда, Сооронбай Жээнбеков зыярат кылганы Мекке шаарына жубайы экөө учуп кеткен. Аларды Сауд Арабиянын падышасы чакырган.
“Бул сапар 2020-жылдын ноябрь айынын башында эле пландаштырылган. Пандемияга байланыштуу зыяратчылардын кирүүсүнө чектөө киргизилген. Жол-жобого ылайык, бул сапар үчүн расмий чакыруу келиши керек эле”, – деди Стамалиева.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат