«Манас» эл аралык аэропортуна жаңы унаа жол курулатЖайыл районунда тогуз жетим балага жер тилкелери берилдиЫсык-Ата районунда 2400 гектар жерди сугаруу үчүн суу сактагычтын курулушу аяктоодоКурулуш министрлигинде 1,5 млрд сомдук каржылык бузуулар аныкталдыСокулукта жоголуп жаткан 9 жаштагы Нурислам табылдыКыргызстандын парламентинин төрагасы Москвада эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо маселелерин көтөрдү
Дыйкандарга 540 млн сомго лизингге техника берилет
14.02.2021 | 18:56
Жазгы талаа иштерине даярдануу учурунда Кыргызстандын өкмөтү айыл чарба техникаларын сатып алуу боюнча лизингдик программаны ишке ашырууга 540,1 миллион сом каражат бөлүү жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов жазгы талаа иштерине даярдык көрүү боюнча селектордук жыйында билдирди.
Өкмөт башчысы 2021-жылдын 15-февралынан тартып “Дыйканчылыкты каржылоо – 9” долбоорунун алкагында дыйкандарга жана дыйкан чарбаларына жеңилдетилген насыяларды берүү башталаарын эске салды.
“Ошондой эле, алар үчүн сертификатталган үрөндөрдү үрөн чарбаларынан базар баасынан 30% арзан баада сатып алуу механизми жөнөкөйлөтүлдү”, – деп кошумчалады Марипов.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика