Кыргызстанда таттуу суусундуктарга жана туздуу азыктарга акциздик салыкты жогорулатуу сунушталуудаКыргызстандан мал ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды10-март: Жаан, кар жаайтАйдоочулук күбөлүк алып берем деп, алдап кеткен. Бишкекте шектүү жаран кармалды«Ош ТВ» муниципалдык мекемесинин директору алмаштыУКМК: Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун лидери кармалды
Мухаммедкалый Абылгазиев ачкачылык жарыяладыбы? Жактоочусунун жообу
22.02.2021 | 12:23
Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев УКМКнын тергөө абагында ачкачылык жарыялады деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Reporter.kgге анын жактоочусу Данияр Эркимбаев билдирди.
Анын айтымында, мурдагы премьер министр менен жума күнү, 19-февралда жолуккан. Ал кармоо шарттары жана кыйноо тууралуу эч кандай арыз-мүңун айткан эмес.
Буга чейин, ЖМКда Абылгазиев ачкачылык жарыялады деген маалымат тараган болчу.
- Чиновник УКМК тарабынан 26-январда кармалган. Ага мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп, мыйзамсыз байыган деген айып тагылууда.
- Абылгазиев сот чечими менен УКМКнын СИЗОсунда эки айга камалган. Ал 26-мартка чейин камакта болот.