Кыргызстанда таттуу суусундуктарга жана туздуу азыктарга акциздик салыкты жогорулатуу сунушталуудаКыргызстандан мал ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды10-март: Жаан, кар жаайтАйдоочулук күбөлүк алып берем деп, алдап кеткен. Бишкекте шектүү жаран кармалды«Ош ТВ» муниципалдык мекемесинин директору алмаштыУКМК: Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун лидери кармалды
Жалал-Абадда бир жумада 36 мас айдоочу аныкталып, 135 унаа айып короого токтотулду
22.02.2021 | 12:45
Жалал-Абад облусунда бир аптада 36 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Reporter.kgге облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-февральдан 20-февралга чейинки бир жума аралыгында жол эрежелерин бузган жалпы 1821 айдоочуга айып салынган. Анын ичинен 36 айдоочу автоунааларын мас абалында, 678 айдоочу жогорку ылдамдыкта, 17 айдоочу алдыңкы терезелерин караңгылатып алгандыгы үчүн болсо жана башка жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1087 айдоочуга протоколдор түзүлгөн. Жалпы 135 автоунаа атайын айып короого коюлган.
Рубрики: Окуялар