Ошто мыкты мугалимдерге батир жана автоунаа белекке берилет

10.03.2021 | 15:36

Ош шаарындагы мугалимдер арасындагы сынактын жеңүүчүлөрүнө батир жана автоунаа белекке берилет. Бул тууралуу калаанын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы мектеп мугалимдеринин арасында “Жылдын мыкты мугалими-2021” кароо-сынагы старт алды. Сынакка Ош шаарындагы 53 мамлекеттик мектептердин мугалимдери катышат.

Ал эми сынактын баш байгесин жеңген мугалимге “Эмаком” курулуш компаниясынын атынан батир, 1-орунга “Визион” курулуш компаниясынын атынан автоунаа белекке берилет.

Мындан сырткары, 2-орунга Ош шаарынын мэриясынын атынан муздаткыч, компьютерлер, түстүү принтер жана кир жуучу машина, 3-орунга мэрия тарабынан компьютер, түстүү принтер жан чаң соргуч жана 4-орунга “Карс” такси кызматы тарабынан 3 адамга Ысык-Көлгө эс алуу үчүн жолдомо жана сынакка катышкан мугалимдер үчүн ноутбук, сматфондор берилери айтылды.

[image_carousel source=”media: 61916,61917,61918,61919,61920,61921,61922,61923″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]

Scroll to Top