Жумгалда митингге чыккан эл жол тосту

Жумгалда митингге чыккан эл жол тосту

Нарындагы Жумгал районуна караштуу Доскулу айылынын кире беришинде  жергиликтүү тургундар нааразылык акциясын өткөрүп жатышат. Бул тууралуу күбөлөр жазышууда.

Маалыматка ылайык, жарандар жол тоскондуктан унаалар өтө албай топтолуп калган. Митингчилердин талабы — Түндүк-Түштүк альтернативдик жолуна кирген Жумгал районунун жолун оңдоо.

Ал эми Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров эл менен жолугуп, жолду тоспой, тынчтык жолу менен сүйлөшүп чечүүнү суранган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>