Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдө
Кыргызстандык балбан кыздар дзюдо боюнча Азиянын ачык кубогуна катышат
12.03.2021 | 17:51
Дзюдо боюнча кыргызстандык кыз-келиндер Казакстанда орун алуучу Азиянын ачык кубогуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Турнир 13-14-март күндөрү Актау шаарында өтөт. Аталган мелдешке 8 өлкөдөн 200дөн ашык спортчу күч сынашат. Кыргызстандын атынан 8 спортчу барат.
Кыргызстандын атынан баруучу спортчулардын тизмеси:
- Жанар Жолдошева, 48 кг;
- Айсулуу Мусакунова, 48 кг;
- Сауле Алмазова, 52 кг;
- Ксения Бельдягина, 57 кг;
- Адина Кочконбаева, 57 кг;
- Ажар Исаева, 63 кг;
- Айжан Кадырбекова, 63 кг;
- Нагира Сарбашова, 78 кг жогору.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт