Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө шектүүнүн мурдагы кылмыштары ачыкка чыктыМосквада «Ак кеме» жана «Күн кармаган бала» спектаклдери коюлдуТИМ АКШда миграциялык текшерүүлөр күчөтүлгөнүн билдирип, жарандарга сунуштарды бердиНарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кармалдыБүгүн ЖРТга кышкы каттоо башталдыБишкектеги жаңы стадион “Азаттык Арена”, конгресс-холл “Ырыс Ордо” деп аталды
Путин Медведевди башка кызматка дайындады
16.03.2021 | 09:00
Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук Кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевди Президенттин Илим жана билим берүү кеңешиндеги орун басарлыгына дайындады. Бул тууралуу РБК билдирет.
Кеңешке Путиндин жардамчысы Андрей Фурсенко жана Коопсуздук Кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Юрий Аверьянов дагы кирет.
Мамлекет башчысынын жарлыгында аталган кеңеш илимий-техникалык чөйрөнү жана билим берүүнү өнүктүрүү, Россиянын илимий өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, ошондой эле аны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн түзүлгөнү белгиленди.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар