Чемпиондор лигасынын чейрек финалына чыккан бардык командалар аныкталды

18.03.2021 | 09:08

Футбол боюнча УЕФАнын Чемпиондор лигасынын 1/8 баскычынын оюндары 18-мартка караган түнү жыйынтыкталды.

Анда “Бавария” 2:1 эсебинде “Лациону” жеңсе (биринчи оюн 2:0), “Челси” мадридтик “Атлетикону 2:0 эсебинде жеңди. Эки команданын алгачкы оюнунда да лондондук клуб 1:0 менен утуп алган.

Муну менен чейрек финалда “Пари Сен-Жермен”, “Ливерпуль”, “Боруссия Дортмунд”, “Порту”, “Манчестер Сити”, “Реал”,  “Бавария” жана “Челси” командалары ойнойт.

Чүчү кулак 19-мартта ташталат.

Scroll to Top