Соода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди БекешевКүнөөкөрдү алмаштырууга $4 миң сунушташкан — Надырбек Жусупов
Чемпиондор лигасынын чейрек финалына чыккан бардык командалар аныкталды
18.03.2021 | 09:08
Футбол боюнча УЕФАнын Чемпиондор лигасынын 1/8 баскычынын оюндары 18-мартка караган түнү жыйынтыкталды.
Анда “Бавария” 2:1 эсебинде “Лациону” жеңсе (биринчи оюн 2:0), “Челси” мадридтик “Атлетикону 2:0 эсебинде жеңди. Эки команданын алгачкы оюнунда да лондондук клуб 1:0 менен утуп алган.
Муну менен чейрек финалда “Пари Сен-Жермен”, “Ливерпуль”, “Боруссия Дортмунд”, “Порту”, “Манчестер Сити”, “Реал”, “Бавария” жана “Челси” командалары ойнойт.
Чүчү кулак 19-мартта ташталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт