Бүгүн, УЕФАнын Чемпиондор лигасынын чейрек финалына чүчүкулак ташталды.
Анын жыйынтыгы менен ¼ финалда төмөнкү командалар беттешет:
- “Реал” – “Ливерпуль”;
- “Бавария” – “ПСЖ”;
- “Манчестер Сити” – “Боруссия Дортмунд”;
- “Порту” – “Челси”.
Чейрек финалдын алгачкы оюндары 6-7-апрелде, жооптук оюндары 13-14-апрелде орун алат.
Жарым финалдын биринчи оюндары 27-28-апрелге, жооптук беттештер 4-5-майга белгиленди.
Финалдык таймаш 29-майда Стамбул шаарындагы “Ататүрк” стадионунда өтөт.