Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Чолпон-Ата шаарындагы түзөтүү мекемесинин жетекчиси кармалды
02.04.2025 | 14:55
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы №44 түзөтүү мекемесинин башчысы коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган мекеменин башчысы А.Т.А. бир нече жылдан бери өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, соттолгон адамдардын эмгегин өзүнүн тиричилик маселелерин чечүү үчүн мыйзамсыз пайдаланып келгени аныкталган.
Мындан тышкары, 2022-жылдын февралында А.Т.А. жана мекеменин башка кызматкерлери соттолгон адамдардын биринин өлүмүн жашыруу максатында расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизишкени белгилүү болгон.
Мындан улам аталган жетекчиге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча айып тагылып, ал камакка алынды.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар