Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Тамактануучу жайдан телефон уурдаган шектүү кармалды
02.04.2025 | 15:46
Бишкек шаарынын тамактануучу жайларынын биринде телефон уурдоого шектелип, 37 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардын Ленин райондук милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 28-март күнү милицияга аял киши кайрылып, 25-марта болжол менен саат 15:45 – 16:30 аралыгында тез тамактануучу жайлардын биринде белгисиз адам анын “Poco C65” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кеткенин билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам тергөөнүн жыйынтыгында, шектүү катары 37 жаштагы М.М. атуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды.
Учурда тергөө иши жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар