Чанпэн Чжао: Кыргызстан крипто-хаб статусуна ишенимдүү барататАдылбек Касымалиев Кыргызстандын крипторыногун өнүктүрүүнүн алты артыкчылыгын атадыСадыр Жапаров: Кыргызстан виртуалдык активдердин аймактык хабы болууну көздөйтКүзгү салкын жана нөшөрлүү жаан: 5-сентябрга карата аба ырайыКөк бөрү финалдарында аншлаг: Бает айылында түз эфир үчүн фан-аймак ачылатДүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тыйын эңмей: кыргызстандык Азим Эсенбек уулу күмүш байгеге ээ болду
Жаранга бычак менен кол салууга шектелип 4 адам кармалды
02.04.2025 | 17:48
Чүйдө адам өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен уюшкан кылмыштуу топтун 4 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 31-мартта Чүй облусунун Новопавловка айылында жайгашкан “Халва” чайканасынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтун 4 мүчөсү Н.у.Б. аттуу жаранга кол салышкан. Натыйжада жаран бычактан көп жараат алып, оор абалда аймактык ооруканага жаткырылган.
Ыкчам издөөнүн натыйжасында, ИИМдин каттоосунда турган, бир нече жолу соттолгон А.у.Б., М.Н.М., Ч.у.Э. жана С.А.С. аттуу кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар