Кыргызстан жасалма интеллекттин базасында крипторынокту лицензиялоо боюнча санариптик платформаны ишке киргизүүдөМаданият министрлиги Кол өнөрчүлүк кеңеши менен жолугушуу өткөрдүЧанпэн Чжао: Кыргызстан крипто-хаб статусуна ишенимдүү барататАдылбек Касымалиев Кыргызстандын крипторыногун өнүктүрүүнүн алты артыкчылыгын атадыСадыр Жапаров: Кыргызстан виртуалдык активдердин аймактык хабы болууну көздөйтКүзгү салкын жана нөшөрлүү жаан: 5-сентябрга карата аба ырайы
Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин отурумуна киргизилген жок
02.04.2025 | 16:39
Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин бүгүн, 2-апрелдеги отурумуна киргизилген жок. ЖКнын басма сөз кызматы бул тууралуу маалымат берди.
Маалыматта айтылгандай, Борбордук шайлоо комиссиясы 28-мартта “Ыйман Нуру” саясий партиясынан шайланган депутат Султанбай Айжигитовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алынган. Бул боюнча БШКнын токтому Жогорку Кеңешке келип түшүп, Султанбай Айжигитовдун депутат катары парламент имаратына кирип-чыгуу мүмкүнчүлүгү тиешелүү эрежеге ылайык чектелген.
“Анткени, Жогорку Кеңештин имаратына депутаттар жана Аппараттын кызматкерлери атайын белгиленген эшиктерден өтүп, электрондук түрдөгү каттоосу боюнча гана кире алышат.
Ал эми жарандарга атайын берилген уруксат кагазы менен парламент имаратына кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.
Султанбай Айжигитов болсо депутаттар жана кызматкерлер кирген эшиктен кирүүгө аракет кылып, ыйгарым укуктары токтотулгандыгы тууралуу токтомду көрсөткөндөрүнө карабай, коопсуздукту караган кызматкерлерди тасмага тартуу менен алардын ишине тоскоолдук жараткан”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат