ОПЕК+ өлкөлөрү мунай өндүрүүнүн көлөмүн өзгөртүү боюнча макулдаштыБишкектеги Азия чемпионаты: Кыргызстандын төрт балбаны жарым финалга чыктыАкысыз кино көрсөтүүлөр: Бишкекте Франкофондук тасмалар фестивалы башталатНовопавловкада 3 млн сомдук акциздик маркасы жок мотор майлары табылдыБишкекте Улуттук филармониянын алдындагы фонтандар жаңыланатReporter.kg жана «BiExpo» көргөзмө компаниясы Кыргызстандын позитивдүү имиджин алга жылдыруу боюнча өнөктөш болушту
Мектептеги акча чогултуулар мыйзамдашабы? Министрликтин жообу
24.03.2021 | 14:22
Мектептерде ата-энелер фондун мыйзамдаштыруу же толугу менен жокко чыгаруу маселеси каралууда. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев “Марал” радиосуна берген маегинде айткан.
Министрдин айтымында, ата-энелер фондуна каражат чогултуу мыйзамдаштырылса көп балалуу, социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн абалы эске алынат жана жеңилдик берилет.
“Ата-энелер фонду боюнча министрлик май айына чейин толук көз карашын жарыялайт. Учурда бул боюнча анализдер жүрүп жатат. Бул маселени министрлик өзү чечип кое албайт. Өкмөткө сунуш киргизет жана ал өкмөттүн деңгээлинде чечилет”, — деген Алмазбек Бейшеналиев.