Польшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди1-декабрдан тарта Кыргызстандын ИИМ кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт — Садыр ЖапаровФранция жана Германиядагы нааразылыктар: полиция менен кагылышууларКылмыштуулукка каршы күрөш, айлык жана турак жай: минкаб башчысы КР ИИМинин иши тууралууУн, май жана эмерек: чакан жана орто бизнестин өнөр жайдагы үлүшү өстү
Мектептеги акча чогултуулар мыйзамдашабы? Министрликтин жообу
24.03.2021 | 14:22
Мектептерде ата-энелер фондун мыйзамдаштыруу же толугу менен жокко чыгаруу маселеси каралууда. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев “Марал” радиосуна берген маегинде айткан.
Министрдин айтымында, ата-энелер фондуна каражат чогултуу мыйзамдаштырылса көп балалуу, социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн абалы эске алынат жана жеңилдик берилет.
“Ата-энелер фонду боюнча министрлик май айына чейин толук көз карашын жарыялайт. Учурда бул боюнча анализдер жүрүп жатат. Бул маселени министрлик өзү чечип кое албайт. Өкмөткө сунуш киргизет жана ал өкмөттүн деңгээлинде чечилет”, — деген Алмазбек Бейшеналиев.