«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
Баткенде 19 тонна помидорду мыйзамсыз алып кирген аткезчилер кармалды
30.03.2021 | 10:11
Баткенде 19 тонна помидорду мыйзамсыз алып кирген аткезчилер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-мартта УКМК «Жаны-Жер» чек ара заставасынын аскер кызматкерлеринин жардамы менен «Шоро» май куюучу жайынын кампасын тинтүүгө алган. Кампадан Р.С.Х. аттуу кыргыз жаранына таандык «Volvo» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа чиркегичи менен, ошондой эле К.А.Р аттуу кыргыз жаранына таандык болгон «Mercedes-Atego» автоунаалары табылган. Унааларга коңшу өлкөнүн А.А. жана С.М. аттуу жарандарына таандык 19 тонна аткезчилик помидорлор жүктөлүп турган.
Кармалган адамдар убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери башталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар