Германиянын лигаларынын биринде ойногон Николай Давыдов кыргыз жарандыгын алып, FIFA ага улуттук курамага ойногонго уруксат берди. Бул тууралуу башкы машыктыруучусу Александр Крестинин бүгүн, 14-мартта болгон маалымат жыйында айтты.
Анын айтымында, көптөгөн футболчулар менен сүйлошүүлөр жүрүүдө жана айрымдарында кыргыз жарандыгын алуу мүмкүнчүлүгү жок.
“Николай Давыдов 1998-жылкы жигит. Анын атасы спорттун көп түрү боюнча Кыргызстандын атынан мелдештерге чыккан. Николай өзү Германиянын 5-лигасында ойнойт. Бирок азыр ал жакта ойногонго мүмкүн эмес, кээ бир аймактарында уруксат берилген, айрым жерлеринде жок. Давыдов бардык машыгуулардан өткөн, биз ага үмүттөнүп турабыз, келечеги бар жигит”, — деди Крестинин.