Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
Германиялык футболчу Николай Давыдов Кыргыз курамасына ойнойт
14.04.2021 | 12:18
Германиянын лигаларынын биринде ойногон Николай Давыдов кыргыз жарандыгын алып, FIFA ага улуттук курамага ойногонго уруксат берди. Бул тууралуу башкы машыктыруучусу Александр Крестинин бүгүн, 14-мартта болгон маалымат жыйында айтты.
Анын айтымында, көптөгөн футболчулар менен сүйлошүүлөр жүрүүдө жана айрымдарында кыргыз жарандыгын алуу мүмкүнчүлүгү жок.
“Николай Давыдов 1998-жылкы жигит. Анын атасы спорттун көп түрү боюнча Кыргызстандын атынан мелдештерге чыккан. Николай өзү Германиянын 5-лигасында ойнойт. Бирок азыр ал жакта ойногонго мүмкүн эмес, кээ бир аймактарында уруксат берилген, айрым жерлеринде жок. Давыдов бардык машыгуулардан өткөн, биз ага үмүттөнүп турабыз, келечеги бар жигит”, – деди Крестинин.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт