Жакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырды
Таласта сууга аккан 2 жашар наристе дагы деле табыла элек
19.04.2021 | 17:03
Таласта сууга аккан 2 жашар наристе дагы деле табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ӨКМга 12-апрель күнү саат 17:00дөр чамасында Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында Талас дарыясына 2019-жылы туулган А.Р. аттуу бала чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Наристени издөөгө ӨКМнын куткаруучулары, ИИМ кызматкерлери, жергиликтүү тургундар тартылган.
Учурда дагы издөө иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар