Министрлер кабинети 2030-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекиттиКыргызстандын Салык кызматы 2025-жылдын 11 айында 1,1 млн салык төлөөчүгө кызмат көрсөттүТемирбек Эркинов Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалдыКыргызстанда «Эң таза шаар» жана «Эң таза айыл аймагы» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды«Салык Сервис» 2026-жылы салыктык текшерүү процессине жасалма интеллектти киргизетКемин районунда ак илбирс байкалды: жырткыч дарактан аман-эсен түшүрүлдү
Германиядагы кыргыздар Тажикстандын элчилигинин алдына митингге чыкты
03.05.2021 | 11:17
Германиядагы кыргызстандыктар Тажикстандын элчилигинин алдына митингге чыгышты. Бул тууралуу социалдык тармакта жарыяланды.
Ищ-чара бүгүн, 3-майда өтүп, иш чаранын максаты – Кыргызстан туш болгон баскынчылыкка дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу болгон.
“Мындай митингдерди бир гана Бишкекте эмес, дүйнөнүн бүт бурчунда өткөрүү керек. Дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруп, абалды туура жеткире алсак ошол чоң жеңиш. Тажиктер менен чегара убактылуу чечилсе да “soft power” менен согушуу дагы улана берет. Ошондуктан тынчып калмай жок”, – деп айтылат билдирүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом