ИИМ: Кытайлык айдоочуларга жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдүТИМ: Эми Грузияга кирүү үчүн камсыздандыруу полиси талап кылынатМинистрлер кабинети 2030-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекиттиКыргызстандын Салык кызматы 2025-жылдын 11 айында 1,1 млн салык төлөөчүгө кызмат көрсөттүТемирбек Эркинов Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалдыКыргызстанда «Эң таза шаар» жана «Эң таза айыл аймагы» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды
Чек ара чырында жабыркагандардын саны 189 адамга жетти
04.05.2021 | 12:14
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандардын саны 189 адамга жетти. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.
Анын айтымында, каза болгондордун саны 36 адамга жетти.
“Ооруканаларда 100 адам дарыналууда. Буга чейин Бишкекке 59 жабырлануучу жеткирилген. Баткен облусундагы бейтапканаларда 41 киши жатат, калгандары амбулатордук түрдө дарылануусун улантууда. Учурда дары-дармектер жетиштүү санда”, – деди Солтонбекова.
Ошондой эле Баткенде 81 медкызматкер, 20 психолог иштеп жатканын белгилеп, алар облуста 11-майга чейин болорун жана 15 ыктыярчы барганын айтты.