logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

Чек ара чырында жабыркагандардын саны 189 адамга жетти

Чек ара чырында жабыркагандардын саны 189 адамга жетти

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандардын саны 189 адамга жетти. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, каза болгондордун саны 36 адамга жетти.

“Ооруканаларда 100 адам дарыналууда. Буга чейин Бишкекке 59 жабырлануучу жеткирилген. Баткен облусундагы бейтапканаларда 41 киши жатат, калгандары амбулатордук түрдө дарылануусун улантууда. Учурда дары-дармектер жетиштүү санда”, — деди Солтонбекова.

Ошондой эле Баткенде 81 медкызматкер, 20 психолог иштеп жатканын белгилеп, алар облуста 11-майга чейин болорун жана 15 ыктыярчы барганын айтты.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>