“Баткен Кыргызстанга кол салган”. Интернетте талкуу жараткан шаардык балдардын видеосу

11.05.2021 | 13:45

Баткен Кыргызстанга кол салган. Мындай билдирүүнү борбордо жүргүзүлгөн сурамжылоо учурунда шаардык жигиттердин бири айткан.

Видеодо жолдон өтүп бара жаткан балдардан: “Баткенде окуяларга кандай көз караштасыз?” деген суроого – “Баткен кол салганы үчүн өзү күнөөлү. Ал эми Кыргызстан мындай чагымчыл аракеттерге алдырбаганы үчүн азамат”, – деп жооп узаткан өспүрүм бала.

Учурда социалдык тармактын колдоонучулары балдарга карата ар кандай терс билдирүүлөрдү жазышууда.

Scroll to Top