“Альянс Алтын” 320 үй-бүлөгө жардам баштыкчаларын таркатты
“Альянс Алтын” ишканасы Талас облусундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 320 жардам баштыкчасын таркатты.
Маалыматка ылайык, азык-түлүктөр Бекмолдо айыл аймагындагы социалдык жактан муктаж болгон тургундарга таркатылган.
Белгилей кетсек, Талас облусундагы Жерүй алтын-кенин иштетүү укугуна ээ болгон “Альянс Алтын” компаниясы жыл сайын жардамга муктаж болгон жергиликтүү тургундарга, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана жергиликтүү карапайым калкка материалдык жардамдарды көрсөтүп келет.
[image_carousel source=”media: 77615,77614,77613,77612,77611,77610″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]