Тажикстандын жүк ташуучу унааларын коштогон милицияларга карата териштирүү башталды

Тажикстандын жүк ташуучу унааларын коштогон милицияларга карата териштирүү башталды

Баткенде Тажикстандын жүк ташуучу унааларын коштоп жүргөн Ички иштер органынын кызматкерлерине карата кызматтык териштирүү башталды. Бул туурасында облустук милициядан билдиришти.

Кызматкерлер жүрүм-турум нормаларына туура келбеген жагдайларды жараткандыгы үчүн ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык териштирүүлөр башталган. Анын жыйынтыгы менен тартиптик чара көрүлөрү айтылат.

“Фуралар эл тарабынан токтотулганда Ички иштер органдарынын айрым кызматкерлери жарандарга орой мамиле жасап, жергиликтүү тургундар менен сөгүшүп жаткан видео соцтармакка тарап, милициянын беделине шек келтирди», — деп кабарланат.

Белгилей кетсек, Тажикстандын 3 фурасы  7-майда кармалып, 11-майда жүк ташуучу унаалар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын коштоосунда Баткен шаарына алынып келе жатканда жергиликтүү тургундар жолдон токтоткон учурда милиция кызматкерлери эл менен сөгүшүп, айрымдары орой мамиле кылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>