Көк-Жарда мыйзамсыз үйлөрдү курууга байланыштуу мурдагы айыл өкмөт башчы кармалдыШарт түзмөйүнчө эч нерсеге тыюу сала албайбыз — Мэр тыгын маселесин талкууладыКөңүл буруңуздар! 21-октябрда “Ала-Тоо 1” жана “Ала-Тоо 2” конуштарында суу өчүрүлөтБишкек мэри шаарда метро курулабы деген суроого жооп бердиЭнергетика министрлиги: “Кемин” көмөк чордону ноябрга чейин толук даяр болотБаңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери эл аралык мелдеште 3-орунду ээледи
Москвада массалык мушташка катышкан кыргызстандыктар кармалды
12.05.2021 | 13:25
Москвада мигранттар арасында массалык мушташ орун алып, натыйжада 230 адам кармалды. Бул тууралуу орусиялык баылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, мушташ курулуш жүрүп жаткан жерде чыгып, баш аламандыкка 50дөй адам катышкан. Ал эми мушташты Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары баштаган.
Пресненск районундагы милиция бөлүмүнө 170 адам жеткирилген. Алардын 116сы өзбектер, 35и тажиктер, 12си түрк, 4 кыргыз жана 1 белорусь. Ал эми башка бөлүмүнө 60 мигрант жеткирилген. Кармалган 230 адамдын баарына протоколдор толтурулуп, тийиштүү текшерүүлөрдөн өткөрүлгөн.
Учурда мушташтын келип чыгуусу жана себептери тергелип жатканы кабарланат.