Каныбек Бакиевдин иши эмне үчүн жаңы кароого жөнөтүлгөнү айтылды

Каныбек Бакиевдин иши эмне үчүн жаңы кароого жөнөтүлгөнү айтылды

Жогорку сот Каныбек Бакиев тууралуу массалык маалымат каражаттарында чыгып жаткан жаңылыктарга түшүндүрмө берди.

Билдирүүгө таянсак, Каныбек Бакиев катышкан кылмыш иши тууралуу соттордун чечими боюнча келип чыккан суроолорду эске алуу менен, Жогорку сот биринчи жана экинчи инстанциядагы соттор тарабынан бир катар мыйзам бузууларга жол берилгендигине байланыштуу ишти жаңыдан кароого жөнөткөн. Иш боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө тийиштүү баа берилген эмес.

«Азыркы Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинде актоонун негизи катары күнөөсү далилденбеген учурда актоо каралбагандыгын эске албастан, соттор өкүмдүн актоо бөлүгүн кабыл алып, Жазык-процессуалдык кодексинин 340-беренесинин талаптарын бузуу менен акташкан”, — деп айтылат маалыматта.

Жогорку соттун жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 21-апрелдеги токтому менен прокурордун кассациялык сунушу канааттандырылып, ал эми Каныбек Бакиевди актоо тууралуу жактоочунун даттануусу канааттандыруусуз калтырылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>