9-августка караган түнү Бишкектин Ала-Тоо аянтында болгон тополоң учурунда коомдук тартипти жана жалпы жүрүм-турумдун ченемдерин одоно бузуп, «Оптима Банктын» каалагасынын айнегин сындырган кыз кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдирди.
[su_quote]Учурда, 2002 жылы тулуган А.А. атуу кыздын аракетери Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Бейбаштык” беренеси менен катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.[/su_quote]
Буга чейин Бишкек шаардык милициясы бейбаштыкка шектелген кызды издөөгө алып, аны табууга көмөк сурап коомчулукка кайрылган.