Кыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды
Чүйдө изделип жаткан Бейшенали Сапаров табылды
13.05.2021 | 21:06
Чүй облусунда изделип жаткан 50 жаштагы Бейшенали Сапаров табылды. Бул тууралуу “Репортёрго” анын жакындары билдирди.
Сапаров бүгүн, 13-майда саат 16:00гө чакын Аламүдүн районунан табылган.
“Кечээтен бери аны көргөндөр кабарлап жатты. Бирок элдер айткан жерге барганда таппай жаттык. Бүгүн кечке жуук аман-эсен табылды”, – деп билдирди жакындары.
Белгилей кетсек, Бейшенали Сапаров 12-майга караган түнү саат 03:00 чамасында Чүй облустук ооруканасынан чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом