Ошто жүзүн жашырып жүргөн 28 жаранга 20 миң сомдон айып пул салындыБШК: Соцтармакта “лайк” басуу же маалымат бөлүшүү да админресурска киретТалас облусу Япония менен кызматташтыкты бекемдейтМИКтин үйлөрүнө ачылган кошумча класстар маселени канчалык чечет? Жашоочулар эмне дейт?Улуттук банк ислам принциптери менен иштеген банктарды жөнгө салуучу ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргиздиДүйнөлүк банк Кыргызстандагы билим берүү долбооруна 6,36 млн доллар каржылады
Путин: “Sputnik V” вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү мүмкүнчүлүгү изилденүүдө
25.05.2021 | 14:16
Биздин эксперттер дүйнөгө белгилүү болуп калган “Sputnik V” вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатышат. Бул тууралуу Орусиянын президентти кечээ, 24-майда Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда айткан.
Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, Владимир Путин эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер бекемделип, өнүгүп жаткандыгын белгилеген.
«Биз ошондой эле пандемияга каршы өз ара байланышып, күрөшүп жатабыз. Орусия Кыргызстанга тест-системаларды, вируска каршы дары-дармектерди жана вакциналарды жеткирүүдө колдоп келген жана мындан ары да колдоону көздөп жатат. Биздин эксперттер дүйнөгө белгилүү болуп калган “Sputnik V” вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатышат», — деген Владимир Путин.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат