logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

Путин: “Sputnik V” вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү мүмкүнчүлүгү изилденүүдө

Путин: “Sputnik V” вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү мүмкүнчүлүгү изилденүүдө

Биздин эксперттер дүйнөгө белгилүү болуп калган “Sputnik V” вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатышат. Бул тууралуу Орусиянын президентти кечээ, 24-майда Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда айткан.

Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, Владимир Путин эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер бекемделип, өнүгүп жаткандыгын белгилеген.

«Биз ошондой эле пандемияга каршы өз ара байланышып, күрөшүп жатабыз. Орусия Кыргызстанга тест-системаларды, вируска каршы дары-дармектерди жана вакциналарды жеткирүүдө колдоп келген жана мындан ары да колдоону көздөп жатат. Биздин эксперттер дүйнөгө белгилүү болуп калган “Sputnik V” вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатышат», — деген Владимир Путин.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>