Эс алуучу жайда 19 жаштагы жигитти тоноогонго шектүүлөр кармалды

Эс алуучу жайда 19 жаштагы жигитти тоноогонго шектүүлөр кармалды

Жалал-Абадда 19 жаштагы жигитти тоноого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу шаардык милоициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, апрелде Жалал-Абад ШИИБге 19 жаштагы тургун кайрылып, түнкү саат 02:00 чамасында калаадагы эс алуучу жайлардын биринде бейтааныш болгон 3 бала аны коркутуп, күч колдонуу менен 10 миң сомдук телефонун жана 85 000 сом накталай акчасын алып коюшканын билдирген.

Аталган факты 201-берене (Тоноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Бишкек шаарында жашынып жүргөн жеринен Сузак районунун 2й жаштагы туругуну Т.Б. кармалып, тергөө иши жүргүзүлгөн.

13-майда 98-беренеге ылайык Т.Б. Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Анын 2 шеригинин да өздүгү аныкталып, тергөөгө камсыздалган.

Учурда Жалал-Абад ШИИБде тийешелүү иштер жүргүзүлүп жатканы айтылат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>