УКМК: Талас медициналык коллежинде кызматкер 14 жыл жумушка келбей, айлык алып турганЭдуард Кубатов Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси болдуПутин Пасхага карата элдешүү жарыялады10-апрелге карата аба ырайыКелечекке клик: MBANK менен MJunior каржы стратегдеринин муунун кантип тарбиялоодоЧет элдик инвесторлор Кыргызстанда дары-дармек чыгаруучу завод курууну пландоодо. Инвестициянын көлөмү – 25 млн доллар
Таласта 37 үйдү суу каптады
26.05.2021 | 09:24
Талас облусунунда 37 үйдүн короолорун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалыматка ылайык, Бакай-Ата районунда саат 18:30 чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Маматай, Көк-Теке коктуларынан келген сел суулары Түйтө каналына батпай Шадыкан айыл аймагынын Түйтө айылында жайгашкан 37 турак үйдүн короосун, Талас районунун Бердике айыл аймагынын болжол менен 70 гектар айдоо жерин каптаган.
Жерине айыл аймактан 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, 2 трактор, жергиликтүү тургундардан 50 киши, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн жана айыл аймактан 15 кызматкер тартылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар