Манас шаарынын 149 жылдыгы белгилендиӨлкөдө күн ачык болот: 6-ноябрга карата аба ырайынын божомолуКыргызстандын элчилиги Орусия ТИМине нота жөнөттү: кыргызстандык алдамчылыкка кабылганБир жылда 304,9 миң кыргызстандык насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматынан пайдаланганДастан Бекешев: Бишкектеги күркөлөргө тыюу салуу ири соода түйүндөрүнө гана пайдалууКриштиану Роналду Португалия курамасындагы карьерасын аяктаганын жарыялады
Таласта 37 үйдү суу каптады
26.05.2021 | 09:24
Талас облусунунда 37 үйдүн короолорун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалыматка ылайык, Бакай-Ата районунда саат 18:30 чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Маматай, Көк-Теке коктуларынан келген сел суулары Түйтө каналына батпай Шадыкан айыл аймагынын Түйтө айылында жайгашкан 37 турак үйдүн короосун, Талас районунун Бердике айыл аймагынын болжол менен 70 гектар айдоо жерин каптаган.
Жерине айыл аймактан 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, 2 трактор, жергиликтүү тургундардан 50 киши, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн жана айыл аймактан 15 кызматкер тартылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар