Кыргызстанда таттуу суусундуктарга жана туздуу азыктарга акциздик салыкты жогорулатуу сунушталуудаКыргызстандан мал ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды10-март: Жаан, кар жаайтАйдоочулук күбөлүк алып берем деп, алдап кеткен. Бишкекте шектүү жаран кармалды«Ош ТВ» муниципалдык мекемесинин директору алмаштыУКМК: Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун лидери кармалды
Чүйдөгү айланма жолдогу сырсыктан жабыркагандардын бирөөсү каза болду
28.05.2021 | 16:41
Бүгүн, 28-майда Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун Аламүдүн районунда орун алган жол кырсыгында жаракат алгандардын бирөөсү каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен тастыкташты.
Маалыматка ылайык, Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 6 адам жаткырылган. Жаракат алган орто курактагы аял каза болуп калды. Төрт бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат жана алардын үчөөсүнүн абалы оор.
Белгилей кетсек, Чүйдөгү айланма жолдо “Тайота Гайя” жана “Камаз” оор жүк ташуучу унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 8 адам аркандай жаракаттарды алышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар