Бишкекте айрым көчөлөрдө убактылуу ысык суу өчүрүлөтТурдакун Усубалиевдин жакындары Кочкордун аталышын өзгөртүүгө каршы чыктыБишкекте Гоголь көчөсүндөгү бала бакча капиталдык оңдолууда«Манас» аэропортуна улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга унаа токтотуучу жайга кирүүгө уруксат бердиМунарбек Сейитбек уулу дүйнөлүк бокс рейтингинде 3-орунду ээледиШаардык сот Кой-Таш окуясы боюнча өкүм чыгарды
Чек ара кызматы: Тажик тарап такталбаган жерде курулуш ишин улантууда
16.09.2019 | 12:18
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде такталбаган жерге тажик тарап курулуш иштерди жүргүзүүнү улантууда. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Ал эми кыргыз тарап Кок-Таш – Аксай жолун асфальттап, Аксай айылынын Дача жергесинде чек ара постун куруп жатат.
Учурда чыр-чатак чыгып кетпеши үчүн Кыргызстандын чек арачылары мамлекекттик чек араны күчөтүлгөн тартипте кайтарууга өтүштү. Ош-Баткен-Исфана унаажолу транспорт каражаттарынын кыймылы үчүн ачык.
Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде, чек ара тарамдарын жана башка мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоодо.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом