Кыргызстандын Ишенимдүү ишкерлери реестрине кирүү үчүн арыз берүү башталдыЯкутияда болгон жол кырсыгынан үч кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте кыргыз-монгол бизнес-форуму өтүп, эки өлкөнүн ишкерлер кеңеши түзүлдүКазакстандан ташылып келе жаткан 14 тонна ун өлкөгө киргизилген жокMicrosoft’тун серверлери хакердик чабуулга кабылдыОрусия менен Өзбекстан газ-химия тармагындагы кызматташтыкты чыңдоодо
Унаанын ичинде 17 жаштагы кыз зордукталды
02.09.2021 | 15:50
Бишкекте 17 жаштагы кыз унаанын ичинде зордукталган. Зордуктоого шектелип 26 жаштагы жигит кармалды. Бул окуя 27-август күнү катталганын Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 28-август күнү Октябрь райондук милиция бөлүмүнө шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда А. аттуу эркек киши болжол менен саат 23:00 чамасында Алтын-Ордо жаңы конушунда унаанын ичинде күч колдонуп 2003-жылы туулган кызды зордуктаганы жазылган. Кийин айдоочу кызды үйүнө таштап, из жашырып кеткени айтылган.
Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Шектүү катары 1995-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалган. Шектүү СИЗО-1ге камакка киргизилген.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар