MBusiness акциясында ишкерлер 1 миллион жана 200 миң сомдон утуштуЖыргалаңдагы «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери 1-декабрда расмий түрдө ачылатКыргызстандык стендап-комик Элдос Алмазов каза болду. Ал 29 жашта элеКРде жалгыз бой ата-энелердин иш күнүн 1 саатка кыскартуу сунушталдыБишкекте 9,6 млн сомдук жаңы вакцина кампасы ачылдыКыргызстандык ветеринарлар «Веттория» эл аралык сыйлыгына арыз бере алышат
Унаанын ичинде 17 жаштагы кыз зордукталды
02.09.2021 | 15:50
Бишкекте 17 жаштагы кыз унаанын ичинде зордукталган. Зордуктоого шектелип 26 жаштагы жигит кармалды. Бул окуя 27-август күнү катталганын Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 28-август күнү Октябрь райондук милиция бөлүмүнө шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда А. аттуу эркек киши болжол менен саат 23:00 чамасында Алтын-Ордо жаңы конушунда унаанын ичинде күч колдонуп 2003-жылы туулган кызды зордуктаганы жазылган. Кийин айдоочу кызды үйүнө таштап, из жашырып кеткени айтылган.
Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Шектүү катары 1995-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалган. Шектүү СИЗО-1ге камакка киргизилген.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар