Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу алдамчылыкка шектелип кармалдыБУУ Кыргызстанды өлүм жазасын кайтарбоого чакырдыБизнес, билим берүү, туризм: өкмөттө кыргыз-герман кызматташтыгы талкууландыФИФА рейтинги: Кыргызстан позициясын жакшыртты21-октябрга карата аба ырайы: Жаан-чачын күтүлбөйтБишкекте “Art-Ordo – 2025” эл аралык театр фестивалы расмий ачылды
Дөөлөт Сыдыковду бийликтегилер тосуп алды
07.09.2021 | 18:12
5 күн, 5 түн Москва шаарынан Манас айтып келе жаткан Дөөлөт Сыдыков Бишкекке келди. Аны Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жана маданий өкүлдөр ж.б. күйөрмандары Манас аэропортунан тосуп алышты. Бийликтегилер ага ыраазылыктарын айтышып, чепкен, калпак кийгизишти.
Дөөлөт Сыдыков 111 саат манас айтып Гиннестин китебине киргенге аракет жасоодо. Былтыр Бишкек шаарында 14 саат 27 мүнөт «Манас» айткан. Кандайдыр мүчүлүштүктөрдөн Гиннеске катталууга мүмкүнчүлүк болбой калган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом