Бишкекте 21-октябрдан тарта № 6, 18, 23, 36 жана 169-автобустардын каттамы өзгөрөт«Манас» аэропортунда аянты 1 500 чарчы метр болгон мечит куруу пландалуудаСадыр Жапаров «Мадина» жаңы базарын ноябрга чейин ишке даярдоону талап кылды21-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйтКРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салды
Футбол: Кыргызстан Бангладештин командасына экинчи ирет гол киргизди
07.09.2021 | 21:36
Кыргызстандын улуттук курама командасы футбол боюнча “Үч Улуттун Кубогунда” Бангладеш командасына экинчи голду киргизди. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жатат.
Алимардон Шүкүров 39 -мүнөттө топту атаандашынын дарбазасына киргизди.
Биринчи топ коноктордун торуна 10 -мүнөттө кирди. Аны Эльдар Молдожунусов киргизди.
Эске сала кетсек, 2-сентябрда Ак-Шумкар командасы Палестина командасын 1: 0 эсебинде утуп алган. Өз кезегинде палестиналык оюнчулар Бангладеш курама командасынан күчтүү болгон.
Кыргызстанда 2-7 -сентябрь аралыгында футбол боюнча “Үч Улуттун Кубогу” эл аралык турнири өтүүдө. Бул достук мелдеш биздин өлкөдө биринчи жолу өтүп жатат. Катышуучулар – Кыргызстан, Палестина жана Бангладеш курама командалары.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт