Садыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантатАйыл чарбасына жасалма интеллектти киргизүү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн алдыга озуп чыгуусун камсыздайт21-февраль: Көпчүлүк аймактарга жаан, кар жаайтАбдупата Маткаликов Эрнисбек Ормоковдун ордуна Манас шаарынын жаңы мэри болуп дайындалдыДастан Бекешев «TikTok» соцтармагын бөгөттөн чыгарууну суранып, УКМКга кайрылды
Орозайым Нарматовага карата бөгөт коюу чарасы каралган жок
10.09.2021 | 18:12
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Орозайым Нарматовага карата бөгөт коюлбаганын билдирди.
Алардын айтымдарында, мыйзамга ылайык Нарматовага карата бөгөт коюу чарасын колдонуу тууралуу өтүнмө келип түшкөн эмес. Андыктан, ага карата эч кандай бөгөт коюу чарасы каралган жок.
Буга чейин Нарматованын бөгөт коюу чарасы боюнча социалдык тармактарда ар кандай кептер тарап кеткен. Бүгүн Орозайым Нарматова Оштон “бийликти негизсиз сынга алганы үчүн” кармаганын милиция билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат