Нурбаев мугалимдерге 1 млн сомдон төлөөгө каржы булагы каяктан табыларын айтты

Нурбаев мугалимдерге 1 млн сомдон төлөөгө каржы булагы каяктан табыларын айтты

Депутаттар Абдывахап Нурбаев менен Жанар Акаев «Мугалимдин статусу тууралуу» мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунушташты. Документ 7-сентябрда Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга чыгарылды. Бул мыйзам долбоору коомчулукта талкууга алынып, шайлоо алдындагы пиар экенин айтышып, каржы булагы каяктан табылат деген суроолорду калтырышууда. 

Reporter.kg бул мыйзам долбоору боюнча демилгечи депутаттардын бири Абдывахап Нурбаевге суроолорду узатып, жооп алды.

— Мыйзам долбоорунда мектепте 10 жылдан кем эмес иштеген мугалимдерге 1 миллион сомдон сый акы берилери жазылыптыр, эгер бул мыйзам долбоору колдоо тапса, каржы булагы каяктан табылат?

2022-жылдан баштап депутаттардын саны 120дан 90го түшөт, ошондой эле «жылдын аягына чейин президенттик аппарат, аткаруу бийлигиндегилердин 30 пайызы кыскарат» деген президенттин буйругу чыккан, мындай кыскаруунун эсебинен мугалимдерге бир жолу берилүүчү сый акыга каражат тапсак болот. Мектептеги окуучулардын билим сапатына көңүл буруу керек, анткени ЖРТдан жогорку бал алган бүтүрүүчүлөр келбей, орточо педагогикалык багытта барган балдардын балы 130дан 140га чейин болуп жатат. Бул келечекте мектепке күчтүү кадрлардын келбөөсүнө жол ачып жатат.

— VI чакырылыштын мөөнөтү бүтөөрүнө аз гана убакыт калды. Бул мыйзам долбоорун кабыл алууга үлгүрөсүздөрбү?

Ооба, бул мыйзам долбоорун кабыл алууга үлгүрөбүз, учурда Жогорку Кеңештин сайтына илип, коомдук талкууга чыгардык. Эми өкмөт бир ай ичинде корутунду бериши керек. Эгерде өкмөт корутундуну тез берсе, октябрь, ноябрь айларына кабыл алганга жетишебиз.

— Коомчулук бул мыйзам долбоорун шайлоо алдындагы пиар деп сыпатташууда. Буга кандай жооп айтасыздар?

Бул мыйзам долбоору пиар дегендерге айтаарым, депутаттардын иши мыйзам чыгаруу, биз өзүбүздүн жумушту аткарып жатабыз. Буга өкмөт кандай корутунду берет аны алдыда көрөбүз.

Мыйзамдын негизги максаты жаштарга мотивация берүү. Алар мектепти, жогорку окуу жайын жакшы бүтүрүүгө жана күчтүү педагогикалык билимге ээ болууга умтулушат, мектепте 10 жыл иштесем 1 млн сый акы алып, үйлүү болуп калам деп аракеттенет. Анткени азыркы жаштардын негизги маселеси турак-жай. Ошол себептен аларга үй ала алам деген үмүт берели деп жатабыз. Себеби азыркы берилип жаткан ипотеканы деле алуу үчүн баштапкы төлөм деген бар, аларды төлөөгө күчтөрү жетпей калууда. Бул мыйзам долбоору ишке ашат жана өкмөт оң корутунду берет деген ойдобуз.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандагы мектептерде жалпысынан 2 миң мугалим жетишпей турганы кабарланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>