Үй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырдыКатуу үн чыгарган унааларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталуудаБаткенде аскер комиссариатынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалдыСыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырдыТүнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайы
Португалиянын экс-президенти көз жумду
10.09.2021 | 18:00
Португалиянын мурдагы президенти Жорж Сампай 81 жашында Лиссабондо каза тапты. Бул туурасында жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.
Экс-президент 18-сентябрда 82 жашка толмок. Ал мындан 2 жума мурун дем алуу органдарынан залал болуп бейтапканада дарыланып чыккан. Көрсө, анын жүрөгү ооруп, кан басымында маселе болгон экен.
Сампай Лиссабондо 1939-жылы туулган. Ал Португалияны 1996-жылдан 2006-жылга чейин башкарып турган. Ал өлкөгө жетекчи болгонго чейин 1989-1991 жылдары Социалдык партиясын жетектеген, 1989-1995-жылдарга чейин Лиссабон шаарынын мэри болгон.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар